inpink logo


    Рахат эдилов

    HD
    2:21:45
    • 395
    • 6
    • 1
    Проголосовало пользователей: 7
    2016 - жылдын 30 – майында Кыргыз Республикасынын илим жана билимине эмгек сиңирген ишмер, 1995-2000-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, философия илиминин доктору, профессор Рахат Ачылованы эскерүү кечеси жана профессор Рахат Ачылова атындагы Илимий сыйлыкты салтанаттуу ыйгаруу аземи Эл Аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинде өткөрүлдү. Профессор Рахат Ачылова атындагы Илимий Сыйлык Кыргыз Республикасынын жаш, таланттуу илим изилөөчүлөрдү колдоо жана алардын профессионалдык өнүгүүсүнө салым кошуу жолу аркылуу илимди өнүктүрүү максатында философия илимдеринин доктору профессор Рахат Ачылованын балдарынын демилгеси менен Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» Университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2016 - жылдын башында “Silk Road” Изилдөө Борборунда негизделген. Илимий Сыйлык акыркы 5 жылда жарык көргөн илимдин өнүгүшүнө салым кошкон жана проблемаларга оригиналдуу чечимдерди сунуштай алган 35 жашка чейинки жаш изилдөөчүлөр тарабынан жазылган илимий макалалар , китептер үчүн жарыяланган. Жаш изилдөөчүлөр Эл аралык «Ататүрк - Алатоо» университетинин окумуштуулар кеңешинин токтомунун чечими менен «Лауреат» жана «Дипломант» наамдарына ээ болушту. I даражадагы лауреат Молдокулова Динара Төрөкелдиевна II даражадагы лауреат Тегизбекова Жылдыз Чынарбековна III даражадагы лауреат Бийгелдиева Нуржан Абдыгуловна Дипломанттар: Кошбакова Батмакан Муктаровна Гусейнова Мавлюда Джабировна Калдыбаева Элнура Тобокеловна Гыязов Айдарбек Токторович Илимий сыйлыктын лауреаттарына статуэтка, диплом, гүл жана I даража үчүн 30000сом, II даража үчүн 20000сом III даражат үчүн 10000 сом өлчөмүндөгү сыйлыктар ыйгырылды. Профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлыктын статуэткасы, айнектен жасалган кристалга профессор Рахат Ачылованын сүрөтү түшүрүлүп, 30 миллион жыл болгон, Кыргызстандын « Урчук таш» аттуу токойдун тоо тектеринен алынып келген опал менен халцедон ташына айланып калган жыгачка жана Баткенден алынган оникс баалуу ташына орнотулду. Таштардын түркүн - түстүү чийиндеринин айкалышы, дарактын көп жылдык шакекчелерин чагылдырып китептин барактарындай болуп түбөлүккө эстеликке сакталат. Илимий сыйлыктын лауреаттарына сыйлыктарды профессор Рахат Ачылованын кызы Назик Бейшеналы - экономика илимдеринин доктору, CAACD изилдөө борборунун директору, Кыргызстандын Кооперативдер союзунун президенти жана уулу Адам Бейшеналы, КР дин экс вице - премьер министри Мира Джангарачева, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чынгыз Айтматовдун кеңешчиси Болот Утуров тапшырышты. Ал эми дипломанттарына эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү коомдук ишмер, Эл агартуунун эмгек сиңирген ишмери Роза Айтматова, философия илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык «Ататүрк - Алатоо» Университетинин ректорунун кеңешчиси Мариям Эдилова, социология илимдеринин доктору, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун координатору Жамиля Жээнбаева жана Кыргыз Республикасынын экс мамлекеттик катчысы, 1996–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Индиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдор тапшырышты. Илимий сыйлыктын дипломанттарына статуэтка, белектер, гүл жана 5000 сом өлчөмүндөгү сыйлыктар ыйгырылды. Рахат Ачылова баштаган ишин бүгүнкү күнгө чейин балдары, окуучулары, жана кесиптештери улантууда «Өтүп кетсе өмүрүң, эле эмгектен эскерет» демекчи, профессор Рахат Ачылованын кыргыз элине кылган эмгеги өмүр бою сакталат. Иш – чаранын демөөрчүлөрү : профессор Рахат Ачылованын үй – бүлөсү жана уул-кыздары: Самаргүл Адамкулова, Адам Бейшеналы, Назик Бейшеналы
    ЕЩЁ
    • СКАЧАТЬ
    автор | дата 24.08.2012
    Турнир по грепплингу No Gi Submission Westling Championship "Посвященный Дню Победы". 13 мая 2012 Санкт-Петербург, Россия СК...
    • СКАЧАТЬ